# Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 48/IX "НОРУС" муниципалдык ишканасынын кырман жана техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 48/IX "НОРУС" муниципалдык ишканасынын кырман жана техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48/IX
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47063/edition/41300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 48/IX "НОРУС" муниципалдык ишканасынын кырман жана техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035137

---

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кезексиз сессия 2025-жылдын 1-августу № 48/IX «НОРУС» муниципалдык ишканасынын кырман жана техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Респупубликасынынын Жер кодексинин 18-беренесинин 7 -пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле башка максаттардагы жайыт жерлеринин ижара наркынын тарифин бекитүү жөнүндө “НОРУС” муниципалдык ишканасынын мүдүрү А.С.Эрназаровдун маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып, Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «НОРУС» МИнын кырман кызмат көрсөтүү тарифи бекитилсин:

- бир тонна данды таразалоо үчүн - 50 сом өлчөмүндө;

- дан сактоочу жайда данды кургатып убактылуу сактоо тоннасына - 50 сом;

- дан жүктөө ар бир тоннасына - 100 сом.

2. «НОРУС» МИнын техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифи бекитилсин:

- экскаватор кызматы траншея казууга саатына -2000 сом 2 км. аралыгы, 2 км. чейинки аралыкта узундугу 1 метр траншея казуу - 250 сом, арык тазалоо - 2000 сом;

-ГАЗ-53 жеке адамдарга күл жана таштанды чыгаруу кызматы - бир жолу 5000 сом.

3. Манипулятор кызматы:

- 2 км. Чейинки аралыкта бир жолку жүктөө;

- 1 жүк көтөрүү үчүн - 500 сом;

-2км. Чейинки аралыкта тынымсыз жүктөө менен участокто иштөө 1 саат 2000 сом, 2 саатка - 4000 сом;

- 2 км.аралыкта бир жолку жүктөө- 3500 сом;

- 1 жолу жүк көтөрүү үчүн - 700 сом;

- 2 км.га чейинки жүк ташуу - 2500 сом;

- 2 км.ден 15 км.га чейинки аралыкта жүк ташуу - 4000 сом;

- 15 км ашык жүк ташуу 1 км үчүн - 1000 сом;

- 2 км.ден 25 км. чейинки аралыкта бир жолку жүктөө - 4000 сом.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.

Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
