# Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 45/IX "Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 45/IX "Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/IX
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47013/edition/41241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 45/IX "Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035072

---

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кезексиз сессия 2025-жылдын 1-августу № 45/IX Жайылма айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө

Кыргыз Респупубликасынынын Жер кодексинин 18-беренесинин 7 -пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле башка максаттардагы жайыт жерлеринин ижара наркынын тарифин бекитүү жөнүндө “НОРУС” муниципалдык ишканасынын мүдүрү А.С.Эрназаровдун маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып, Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт жерлерин пайдалануунун тарифи бекитилсин:

- 0,01 га жайыт жери мал жаюуга байланышпаган башка максаттар үчүн 300 сом өлчөмүндө.

- 0,01 га жайыт аянтын бузбай чарба жүргүзүү үчүн аларды жакшыртууга шарттарды түзүү менен 300 сом өлчөмүндө.

- 0,01 га жайыт жерин эс алуу үчүн пайдаланууга 1000 сом өлчөмүндө.

- жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган жана жайыт катмарын бузбастан көмөкчү чарбаны жүргүзүү башка максаттарда убактылуу пайдаланууга ижаранын мөөнөтү 3-жылдан 5 жылга чейин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.

Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
