# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27 - ноябры № 759 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27 - ноябры № 759 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 759
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035030/edition/41188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27 - ноябры № 759 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035030

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27 - ноябры № 759

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:

– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:

“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жободо:

– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жободо:

– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:

– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:

“61) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;

4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жободо:

– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:

“111) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 7-июнундагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
