# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябры № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябры № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4006/edition/41163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябры № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035002

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-октябры № 127

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 13-025/21801 сунушун, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3/1 чечимин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобонун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу үчүн № 24 округдук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык түзүлгөн 6 шайлоо участогу тиркемеге ылайык бекитилсин. № 24 округдук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн ушул токтомдун 1-пунктундагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитсин. № 24 округдук шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын эске алуу сунушталсын. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Шайназаров

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 127 токтому

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү үчүн түзүлгөн шайлоо участокторунун ТИЗМЕСИ

№

Өлкө/шаар

УШК №

Шаар, дипломатиялык өкүлчүлүк, дарек

1

Екатеринбург (кошумча участок)

9089

Екатеринбург ш., Техническая көч., 42а-үй

2

Челябинск

9091

Челябинск ш., 50-летие ВЛКСМ көч., 16-үй

3

Тюмень

9018

Тюмень ш., Щербакова көч., 98-үй

4

Пермь

9092

Пермь ш., Советская Армия көч., 4-үй (Перм "Губерния" элдик чыгармачылык үйү)

5

София (Болгария)

9082

София ш., Витоша бул., 106 (Rosslyn Central Park Hotel Sofia)

6

Варшава (Польша)

9000

Варшава ш., Al. Jerozolimskie 65/79, 00-698 (Warsaw Presidential Hotel)
