# Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябры № 09 "Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобону" бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябры № 09 "Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобону" бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 09
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1821/edition/41058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябры № 09 "Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобону" бекитүү жөнүндө" буйругу (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2025-жылдын 14-ноябры № 09 «Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобону» бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналына коюлуучу талаптарды ченемдик жактан бекитүү максатында, буйрук кылам:

1. «Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобосу» мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:

- ушул буйрук аткарууга кабыл алынсын;

- ушул буйрук Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн;

- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.

3. Министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө Жобону» аткарууга кабыл алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 11/17 «Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө» директивасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Директор

Д.К. Бостонов
