# 97-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5691/edition/41044/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 97-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-97

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"97-берене. Мыйзам менен келишпестикке барган баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча ага карата чараларды колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыш жасагандыгын мойнуна алган, соттуулугу жок жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасына мурда катышпаган бала сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатат.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, прокурор колдонулуучу чараларды өзгөртүүгө, келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-2)
