468-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу тартиби
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Ушул Кодекстин 467-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттар болгондо, тергөөчү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтомду токтоосуз чыгарат жана бекитүү үчүн аны прокурорго жиберет.
Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен аны бекитет же ушул Кодекстин 459 жана 467-беренелери менен жол берилген бузууларды четтетүү үчүн кайтарат.
2. Тергөөчү токтом бекитилгенден кийин ишке катышып жаткан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык 5 сутканын ичинде сунуш киргизүү зарылчылыгы жөнүндө токтоосуз билдирет.
3. Тергөөчү ишке катышкан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин сунуштарын эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди түзөт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимге тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери кол коюшат. Келишимге ушул Кодекстин 474-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кошумча кол коюлушу мүмкүн.
4. Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди ал келип түшкөн күндөн тартып 2 сутканын ичинде бекитет.
5. Тергөөчү келишим бекитилгенден кийин ушул Кодекстин 154 жана 257-беренелеринде белгиленген тартипте кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышын контролдоону ички иштер органдары жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырышат.
Көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишинин жана өз ара аракетинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Тергөөчүнүн же болбосо прокурордун баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруудан баш тартуусу жогору турган прокурорго же болбосо тергөө судьясына даттанылышы мүмкүн.
8. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим жабырлануучу тарабынан жогору турган прокурорго же болбосо тергөөчү судьяга даттанылышы мүмкүн.
9. Тергөө судьясынын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу маселелери боюнча актылары даттанылбайт.
10. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү аны бекиткен прокурор жүзөгө ашырат.";
11) 469-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткаргандыгы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизет.";
12) 470-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Балага карата баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн.
1) келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу;
2) милдеттенме коюу;
3) кепилдикке өткөрүп берүү.";
б) 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тергөөчү жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугун, баланын жаш курагын, анын күнөөсүнүн, келтирилген зыяндын даражаларын, ошондой эле анын кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-турумун эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир учурда бир нече чара колдонушу мүмкүн.";
13) 471-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"471-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү
Жазуу жүзүндө эскертүү - бала кайрадан кылмыш жасаган жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурларда келип чыга турган кесепеттер тууралуу балага жазуу жүзүндө билдирүү. Жазуу жүзүндө эскертүү ошондой эле балага кылмыштуу жосундун натыйжасында келтирилген зыянды жана бул кылмыштуу жосун үчүн белгиленген жоопкерчиликтин түрү жана жаза чаралары жөнүндө түшүндүрмөнү камтыйт. Жазуу жүзүндө эскертүү балага же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим менен бир убакта берилет.";
14) 473-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт.";
15) 475-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"475-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткарбаган учурда ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткарбоонун себептерин аныктоого жана баланын аларды аткаруусу боюнча толук чараларды колдонууга милдеттүү.
2. Келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бул тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Прокурор баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди күчүндө калтырууга же жокко чыгарууга укуктуу.
4. Колдонулуучу чараларды өзгөртүү же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде тергөөчүнүн токтому менен жүргүзүлөт.
5. Колдонулуучу чаралар өзгөртүлгөн же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү узартылган учурда тергөөчү кошумча макулдашууну түзөт.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.
7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда аны кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча бала тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.";
16) 476-берененин расмий тилдеги текстинде "подсудимого," деген сөз алып салынсын.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
468-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034877/st-468" title="468-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>