# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5691/edition/41044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034877/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 38-пунктунда "соттолуучу," деген сөз алып салынсын;

2) 27-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул Кодекстин 467-беренесинде каралган учурларда балага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон кылмыш иши кыскартылууга жатат.";

б) 6-бөлүк "14-пункттарында" деген сөздөрдөн кийин "жана 2-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунда мамлекеттик тилдеги текстте "өндүрүш" деген сөз "өндүрүшүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 22-пункту мамлекеттик тилдеги текст "сот" деген сөздөн кийин "өндүрүшүнүн" деген сөз менен толукталсын;

5) 54-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) ушул Кодекстин 473-беренесинин негизинде, корутундуну жана баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин алкагында аткарылуусу талап кылынган милдеттердин тизмесин түзүүгө жана аларды аткаруу мөөнөтү боюнча сунуш киргизүүгө. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул бөлүктө каралган милдеттерди аткаруусуна өз компетенциясынын алкагында көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.";

б) 6-бөлүктө "жана баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын контролдойт" деген сөздөр "жана ички иштер органдары менен бирдикте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 153-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-абзац менен менен толукталсын:

"3) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда."; Эскертүү: Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 6-пунктунда мамлекеттик жана расмий тилдеги айырмачылыктар бар

7) 154-берененин 1-бөлүгүндө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 257-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кылмыш иши ушул Кодекстин 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, ушул Кодекстин 27-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар жок болгон шартта тергөөчү тарабынан кыскартылат.";

9) 459-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу болжолдонуп жаткан иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш.";

10) 467 жана 468-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"467-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу

1. Эгерде бала коркунучтуулугу аз же анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган деп эсептөөгө негиз бар болсо, тергөөчү ушул главанын эрежелери боюнча баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жол-жобосун баштайт.

2. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде каралган негиздердин жыйындысы жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга баланын макулдугу болгондо балага карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жол-жобосу башталышы керек.

3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосу төмөнкүлөрдү караштырат:

1) тергөөчүнүн кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом чыгаруусун;

2) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди түзүүнү;

3) жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү;

4) тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом чыгаруусун;

5) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүүнү;

6) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүнү.

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим мамлекеттин атынан тергөөчүнүн жана прокурордун, жана биринчи жолу кылмыш жасаган баланын, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн ортосундагы бала ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн кылмыш куугунтугун токтотуунун кепилдиктери жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашууну билдирет.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтыйт:

- бала, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда балага көмөк көрсөтүүчү анын мыйзамдуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтарды;

- ал боюнча инкримизацияланган жосун квалификациялануучу кылмыш-жаза мыйзамынын так беренесин, бөлүгүн жана пунктун;

- колдонулуучу чаралардын түрлөрүн жана жүктөлүүчү милдеттенмелерди;

- келишимдин колдонуу мөөнөтүн.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтү ага кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттү түзүшү мүмкүн.

5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жабырлануучуну андан кылмыш аркылуу келтирилген мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуртуп алуу укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-97)  
Кийинки берене: [468-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877/st-468)
