# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- ноябры № 754 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- ноябры № 754 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 754
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034870/edition/41031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- ноябры № 754 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034870

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25- ноябры № 754

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Айрым стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

– “А” категориясы (өтө маанилүү объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“4. “Учкун” ААК.”;

– “Б” категориясы (маанилүү объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасынын 15-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
