# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 1025-т (Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 1025-т (Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1025-р
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19607/edition/41021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 1025-т (Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси (26.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034852

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 26-ноябры № 1025-т

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы 487-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо

боюнча көз карандысыз комиссиянын курамы

Алымбеков Азиз Докторбекович

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси;

Джумабаев Дайыр Эсенгулович

–

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын тренери;

Дуйшеев Тимур Арстанбекович

–

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин инвестициялар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын начальнигинин милдеттерин аткаруучу;

Кочконова Анара Маматкасымовна

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин юристи;

Купешов Курманбек Исагалыевич

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин IT-аналитиги;

Сулайманбекова Наргис Арстанбековна

–

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин сатып алуулар жана логистика бөлүмүнүн начальниги;

Токтомушев Манас Токтомушевич

–

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана

инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун уюштуруу- укуктук иш бөлүмүнүн башкы адиси;

Турдубекова Кундуз Аманакуновна

–

“А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” жабык акционердик коомунун камсыздандыруу боюнча менеджери;

Эсенбаева Жылдыз Алтымышевна

–

“Zhongda” China Petrol Company” (“Джунда” Чайна Петроль Компани”) жоопкерчилиги чектелген коомунун

башкы директорунун кеңешчиси.
