Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 21.02.2025 № 01-4/5 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуутоктому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/5 ККыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна өзгөртүүлөр болгондуктан 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9-пунктундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти:
К- барабар коэффициент 10-сугаруунун жоктугу = 4130 сом К- барабар коэффициент 20-жерди сугаруу кыйын = 8260 сом К- барабар коэффициент 30-чындыгында сугарылган жер = 12 390 сом деп белгиленсин.
2.Токтомду аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер,
муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрага:
Б. Дуйшоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон