# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 53 "Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 53 "Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3995/edition/40862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 53 "Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034695

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1 - августу № 52

Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоо маалыматтык системасын пайдалануунун тартиби жөнүндө" 2011-жылдын 21-октябрындагы № 384 токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" 2017-жылдын 13-майындагы № 114 токтому;

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 59 (3715) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Шайназаров
