# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 "Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 "Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 752
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034668/edition/40835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 "Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034668

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-ноябры № 752

Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Сезондук жумуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 “Сезондук жумуштардын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 “Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
