1703-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: соттук териштирүү өткөн жана протокол түзүлгөн дата, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын, видеоконференцбайланыш тутумдарын жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.
Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.
2. Соттук жыйналыштын жүрүшүн жаздырууну камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1703-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1703" title="1703-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>