# 1702-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1702>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034650/edition/40817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034650/st-1702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1702-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1702

---

1. Идентификация тутумунун эрежелерине ылайык колдонулуучу санариптик колтамганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрбөстүгү камсыз кылынган сот актылары жана башка процесстик документтер административдик сот өндүрүшүнүн санариптик документтери болуп саналат.

2. Санариптик колтамгаларды, санариптик идентификаторлорду колдонуунун тартиби жана шарттары жана санариптик документтердин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтерге мааниси теңдеш экендиги санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санариптик документтерден сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында санариптик административдик иш түзүлөт.

4. Кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документ санариптик жуп нуска болуп кайра түзүлөт жана санариптик административдик иштин материалдарына тиркелет.

---

Мурунку берене: [1701-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1701)  
Кийинки берене: [1703-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1703)
