# 1701-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034650/edition/40817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034650/st-1701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1701-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1701

---

1. Административдик сот өндүрүшү кагаз жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен санариптик формада жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдары санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонулат. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын жана санариптик сервистерин колдонуу шарттары жана тартиби Жогорку сот тарабынан аныкталат.

3. Судья жүйөлүү аныктама чыгаруу менен сот өндүрүшүнүн формасын өзгөртүүгө укуктуу. Сот өндүрүшүнүн формасы өзгөргөн учурда, иштин материалдары тиешелүү формага (кагаз же санариптик) өзгөртүлөт.

4. Санариптик формадагы сот өндүрүшүн тандаган учурда административдик иштер санариптик формада түзүлөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1)  
Кийинки берене: [1702-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1702)
