# 1334-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034650/edition/40817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034650/st-1334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1334-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1334

---

1. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучулардын жана ишке катышып жаткан жактардын, алардын соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу катышып жаткан өкүлдөрүнүн, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун керт башын аныктоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин колдонуунун тартиби Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат.

3. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун сервистерин колдонуу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун өзгөчөлүктөрү санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1333)  
Кийинки берене: [1335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1335)
