# 1333-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 260
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034650/edition/40817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034650/st-1333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1333-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1333

---

1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: сот жыйналышы өткөн жана протокол түзүлгөн датасы, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын видеоконференцбайланыш тутумун жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.

Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.

2. Сот жыйналышынын жүрүшүн белгилөөнү камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [1332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1332)  
Кийинки берене: [1334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650/st-1334)
