1332-берене. Санариптик формадагы сот өндүрүшүнүн документтери
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
1. Идентификация тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санариптик колтамганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрбөстүгү камсыз кылынган сот актылары жана башка процесстик документтер сот өндүрүшүнүн санариптик документтери болуп саналат.
2. Санариптик кол тамгаларды, санариптик идентификаторлорду пайдалануунун тартиби жана шарттары жана санариптик документтердин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтерге мааниси теңдеш экендиги санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санариптик документтерден сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында санариптик сот иши же санариптик соттук материалдар түзүлөт.
4. Кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документ санариптик жуп нуска болуп кайра түзүлөт жана санариптик соттук иштин материалдарына же санариптик соттук материалдарга тиркелет.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1332-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034650/st-1332" title="1332-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>