# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябры № 715 "Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябры № 715 "Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 715
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46671/edition/40792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябры № 715 "Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034631

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-ноябры № 715

Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15, 17-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 824 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 "Соттук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
