# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 712
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46657/edition/40776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-октябры № 712

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 1-тиркемесинде:

- 82-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:

“

83

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК

\* Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 13-октябрындагы № 882-т тескемесине ылайык “Кыргызалтын” ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

200100,0

100,0

100,0

”;

2) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

“

3

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Ала- Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

”;

3) жогоруда көрсөтүлгөн Программанын 3-тиркемесинде:

– 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
