# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3546-VII
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16648/edition/40754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому (25.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034592

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам долбоорлоруна экспертизаларды бирдей жүргүзүү аркылуу кабыл алынуучу мыйзамдардын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттар бекитилсин (тиркелет).

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А. Азыгалиевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Тургунбек уулу
