# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 745
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034505/edition/40672/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-ноябры № 745

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусун координациялоону жана эсепке алууну камсыз кылуу максатында, «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жаштар саясаты маселелери боюнча эл аралык платформаларга катышуусун эсепке алуу жана уюштуруу маселелерин координациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
