# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034457)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034457/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5688/edition/40621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034457/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034457/st-1

---

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 16-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 17-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Тездетилген каттоо жол-жобосу төмөнкүлөргө карата колдонулат:

- стратегиялык жактан маанилүү дары каражаттарына;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн дары каражаттарына.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

"3-1. Автоматтык каттоо жол-жобосу төмөнкүлөргө карата колдонулат:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдын ала квалификацияланган дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттарына, ошондой эле АКШнын Тамак-аш продуктулары жана дары каражаттары боюнча администрациясы (FDA), Медицина продуктулары боюнча Европа агенттиги (ЕМА) (борборлоштурулган жол-жобо боюнча), Япониянын Дары каражаттары жана медициналык багыттагы продуктулар боюнча агенттиги (PMDA), Швейцариянын Терапевдик продуктулар агенттиги (Swissmedic) жана Улуу Британиянын Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы продуктуларды жөнгө салуу боюнча агенттиги (MHRA) сыяктуу жөнгө салуучу органдар тарабынан катталган дары каражаттарына;

- орфандык дары препараттарына;

- Министрлер Кабинети менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу сатып алынган дары каражаттарына.

Дары каражаттарын тездетилген жана автоматтык каттоо жол-жобосун жүргүзүүнүн, ошондой эле дары каражаттарын тездетилген жана автоматтык каттоо жүргүзүү үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034457/st-2)
