# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 313 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 313 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034413/edition/40573/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 313 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 14-ноябры ПЖ № 313

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун пайдалануу боюнча айрым маселелерди регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

– 17-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча жана жактырылган учурда, Турукташтыруу фондунан каражаттарды бөлүүнү демилгелеген субъект Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизет.”.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
