# 5-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-беренеде:

а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы "314," деген цифралардан кийин "3201," деген цифралар менен толукталсын;

б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "309-1 жана 318-беренелеринде" деген сөздөр "309-1, 318 жана 319-1-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 308-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салыктарды эсептөө жана төлөө менен байланышкан документтердин жоктугу же документтердеги маалыматтардын бурмаланышы же болбосо салык отчетторун кошпогондо, салык салуу менен байланышкан документтерди белгиленген мөөнөттө бербөө - жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

3) 311-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз алып өтүү -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда алып өткөрүлүүчү товарлар ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.";

4) 312-314-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"312-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды же эсептик-контролдук маркаларды кайра колдонуу - жеке жактарга 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-4)  
Кийинки берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-313)
