# 398-берене. Турак эмес мүлк объектине салык төлөө мөөнөтү

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 398-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-398

---

Турак эмес мүлк объектине салык ар квартал сайын учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен учурдагы салык мезгилинин ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт.";

115) 399-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

116) 53-глава күчүн жоготту деп таанылсын;

117) 409-беренеде:

1) 1-бөлүктө:

- 1-пунктта "Калктуу конуштарда" деген сөздөр "Айыл аймактарында жана шаарларда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын менчигинде турган жана футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максатында гана пайдаланылган имараттар, курулмалар жана жайлар.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

"3-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жеңилдиктер ишкердик максаттарда пайдаланылуучу, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарында жайгашкан турак жай имараттарына жана жайларга карата колдонулбайт.";

в) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

118) 411-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жеке жак - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.";

119) 412-1-берененин 2-бөлүгүндө "ушул бөлүмдө" деген сөздөр "ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

120) 413-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Патент салык төлөөчү тарабынан салык органында же салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө ишкердик жана/же жеке эмгек ишин жүргүзгөн жери боюнча сатып алынат. Соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекти үчүн соода ордунун жана/же объектинин болушу кошумча шарт болуп саналат.";

б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Патент ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу иштин айрым түрлөрү боюнча патентти кошпогондо, патентте көрсөтүлгөн аймакта (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу болот. Ишкердик же жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.";

121) 416-беренеде:

а) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:

"5) дистрибьютор болуп саналган жеке жак;

6) бизнести майдалоо критерийлерине туура келген жеке жак.";

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн аймакта иш жүргүзсө.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Эгерде салык төлөөчү экономикалык ишин токтотсо, ошол эле учурда учурдагы календардык жылда алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнөн ашып кеткендиги аныкталса, ашып кеткен суммага жалпы салык режими боюнча салыктар эсептелет.";

122) 417-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Патент төмөнкүлөргө алынышы мүмкүн:

а) соода иши үчүн учурдагы календардык жылга жана учурдагы календардык жылдын калган айларына карата;

б) калган иштер үчүн катары менен келген 15, 30, 90, 180 жана 365 күнгө. 90 календардык күнгө патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга, 365 календардык күнгө - 15 пайызга төмөндөтүлөт.";

в) 3-бөлүк "кайтарып берилүүгө" деген сөздөрдөн кийин "жана чегерилүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;

123) 419-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект. Ушул главанын максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш деп Кыргыз Республикасы бул товарлар чыгарылган жер болуп саналбаган учурда Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан жерде товарларды сатуу боюнча иш түшүнүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар да товарлар деп түшүнүлөт.";

124) 420-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген жеке ишкер же юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодо салык төлөөчү каттоо арызында бирдиктүү салыктын тиешелүү ставкасын тандоого милдеттүү.";

б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) жалпы салык режиминин негизинде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына алдыдагы календардык кварталдын айынын бирине чейин арыз берет. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде бирдиктүү салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген кварталдан кийинки календардык кварталдын айынын биринен тартып жүзөгө ашырылат;";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Бизнести майдалоо критерийлерине туура келген салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укугу жок. Ушул бөлүктө белгиленген шарттарга ылайык келбеген учурларда салык төлөөчү ылайык келбестик белгиленген айдан кийинки ай аяктаганга чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонууга өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү жана салык төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүзөгө ашырылат. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салыктын ставкасын колдонууну өзгөртүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз убагында бербесе, анда ал салык төлөөчү катары ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонуу менен ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринен тартып таанылат.";

125) төмөнкүдөй мазмундагы 422-1-берене менен толукталсын:

"422-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактура берилген дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм келип түшкөн дата саналат.";

126) 423-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. 422-берененин 3-бөлүгүндө каралган кирешелер боюнча салык төлөөчү салыкты ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген ставкалар боюнча эсептейт жана төлөйт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-бөлүк менен толукталсын:

"6-1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект бул ишке карата 1 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";

в) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин ошол түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү үчүн салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү иштин кошумча түрлөрүн жүзөгө ашырууга ниеттенсе, салык төлөөчү иштин кошумча түрүн жүзөгө ашыра баштаган айдан кийинки айдын биринен тартып ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн бирдиктүү салыктын ставкаларын колдонууга милдеттүү.";

г) 8-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул бөлүктүн ченемдери дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан, бизнести майдалоо критерийлерине туура келген жеке ишкерге, ошондой эле дистрибьюторго жайылтылбайт.";

д) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Креативдүү индустриялар паркынын резиденти тарабынан ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген ставканы колдонуу Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясынын адамды Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары каттоо жөнүндө электрондук кабарлоосунун негизинде жүзөгө ашырылат. Кабарлоону дирекция резиденттин салыктык каттоо жери боюнча салык органына жиберет. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты төлөө салык органы дирекциянын кабарлоосун алган айдан кийинки айдын биринен тартып жүзөгө ашырылат.";

е) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү жеке ишкер түшкөн акчасынын көлөмү катары менен келген акыркы 12 ай ичинде 15000000 сомдон ашканга чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" же "б" пунктчаларында каралган салыктын ставкасын колдонуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Салыкты жаңы тандалган ставка боюнча төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү субъект салыктын ставкасын өзгөртүү жөнүндө арызды учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү болсо, бирок аны бербесе же өз убагында бербесе, анда мындай субъект арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставка боюнча салык төлөөчү деп таанылат.";

ж) 18-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.";

127) 433-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"433-берене. Салыктык каттоо Жогорку технологиялар паркынын резидентин каттоо ал резиденттин салыктык катталган жери боюнча салык органына жиберилген Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын резиденттин атайын салык режимин колдонуу ниети жөнүндө электрондук кабарлоосунун негизинде жүргүзүлөт. Жогорку технологиялар паркында салык режими боюнча каттоо салык органы дирекциянын кабарлоосун алган айдан кийинки айдын биринен тартып күчүнө кирет.";

128) 456-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "кварталына бир жолу" деген сөздөр алып салынсын;

129) 458-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) кол менен жылдырылуучу арабалардан тышкары, белгилүү бир шифр менен белгиленген номер коюлган соода орундарын жайгаштыруу схемаларын;";

130) 459-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөгө арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-388)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-7)
