# 381-берене. Эсептөө тартиби

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 381-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-381

---

1. Мүлк салыгын эсептөө салык органдары тарабынан ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

2. Турак жай мүлк объекттерине, турак жай эмес мүлк объекттерине, ошондой эле айыл чарба жерлерине таандык жер участокторуна салыктын суммасын эсептөө боюнча милдет төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча салык органына жүктөлөт:

- турак жай имараты, жай;

- ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу;

- базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес имараттар, жайлар жана курулмалар, анын ичинде турак жай эмес курулмалар;

- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер;

- айыл чарба жерлерине таандык жер участогу.

3. Базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан турак жай эмес мүлк объектине - турак жай эмес курулмага салык органдары тарабынан салыкты эсептөө базардын/кичи базардын ээси (дирекциясы) тарабынан учурдагы жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.

Маалыматтарды берүү формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

4. Салык төлөөчүдө бирден ашык турак жай имаратынын объекти, жайы болгон учурда турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө салык органы жеңилдикти колдонууга укуктуу:

1) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң көп өлчөмү менен турак жай имаратына, жайга карата;

2) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнүн 1 -пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмү менен бир турак жай имаратына, жайга карата.

Эгерде ушул объекттин салыктык базасы ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдиктер колдонулгандан кийин нөлдүк же терс мааниге ээ болсо, анда ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик салыктын эсептелген суммасынын экинчи эң чоң өлчөмү менен салык салынуучу турак жай имаратына, жайга карата колдонулат;

3) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эки же андан көп турак жай мүлк объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей көп мааниге ээ болгон учурларда жеңилдик берилүүгө тийиш болгон мүлк объекттеринин кайсынысына болбосун карата.

5. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү салык төлөөчүгө тапшырылат:

- турак жай мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирбестен;

- айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулмаларды кошуп алганда, турак жай эмес мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен.

6. Эгерде турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-августунан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин 15-декабрынан кечиктирбестен тапшырылат.

Эгерде турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 15инен кечиктирбестен тапшырылат.

7. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) салык органынын реквизиттерин;

2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин;

3) салыкты эсептөө үчүн негизди;

4) салыктык базанын өлчөмүн жана эсептелген салыктын суммасын;

5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн.";

107) 383-беренеде:

а) 5-бөлүк "саткандан" деген сөздөн кийин ", пайдаланууга киргизилгенден" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 9-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Тиешелүү жыл үчүн төлөнгөн салык кайтарылбайт.";

108) 384-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

109) 385-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун бирдигинин базалык салыктык наркы;";

б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

110) 50-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "50-глава. Турак жай мүлк объекттерине салыкты эсептөө, төлөө мөөнөтү";

111) 386-388-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"386-берене. Турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө

1. Ушул беренеге ылайык турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө тартиби төмөнкүлөргө колдонулат:

1) турак жай имаратын же жайын же анын ишкердик максатта пайдаланылган бөлүгүн, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан турак жай имаратын же жайын кошпогондо, турак жай фондуна таандык имаратка же жайга;

2) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна.

2. Турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө үчүн салыктык база төмөнкүдөй аныкталат:

1) турак жай имараты же жай үчүн - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн ички ченөө боюнча мүлк объектинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде;

2) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу үчүн - укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты катары.

3. Эгерде үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу же анын бир бөлүгү ишкердик максаттарда пайдаланылса, бул жер участогуна же анын бир бөлүгүнө мүлк салыгы ушул Кодекстин 51-главасына ылайык эсептелет.

4. Көп батирлүү үйлөрдүн үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу боюнча турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме турак жай жана турак жай эмес жайлардын ээлерине турак жай жана турак жай эмес жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүндөгү алардын үлүшүнө пропорциялуу түрдө жүктөлөт.

Көп батирлүү үйдүн турак жай жана турак жай эмес жайларынын ээлеринин мүлкүн башкарууну башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге өткөрүп берүүдө үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге жүктөлөт.

5. Турак жай мүлк объектине салыктын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-380)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-387)
