# 380-берене. Мүлк салыгын эсептөө үчүн формула

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 380-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-380

---

1. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) турак жай мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:

С = (СБт х ССт х Ки) + (СБжу х ССжу х Ки),

мында: С - турак жай мүлк объектине салыктын суммасы; СБт - турак жай имаратынын, жайдын салыктык базасы; ССт - турак жай имаратына, жайга салыктын ставкасы; СБжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогунун салыктык базасы; ССжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна салыктын ставкасы; Ки - турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;

2) турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:

С = (СБтэ х ССтэ х Кни х Ки) + (СБжу х ССжу х Кнжу х Ки),

мында: С - турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасы; СБтэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын салыктык базасы; ССтэ - турак жай эмес имаратка, жайга, курулмага салыктын ставкасы; Ктэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын функциялык багыттагы коэффициенти; СБжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыктык базасы; ССжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыгынын ставкасы; Кнжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин функциялык багыттагы коэффициенти; Ки - турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;

3) айып чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:

С = СБ х СН х СС,

мында: С - айып чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын суммасы; СБ - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун салыктык базасы; СН - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун бир чарчы метрине салык наркы; СС - айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын ставкасы.

---

Мурунку берене: [306-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-306-1)  
Кийинки берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-381)
