# 317-3-берене. Банк тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат бербөө жана/же аны берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-317-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 317-3-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-317-3

---

Банк тарабынан салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда маалымат бербөө, анын ичинде аны берүүдөн баш тартуу жана/же маалымат берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу - юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

6) төмөнкүдөй мазмундагы 319-1-берене менен толукталсын:

"319-1-берене. Фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу тартибин бузуу

1. Фискалдык программалык камсыз кылуунун оператору тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салыктык эсепке алуу максатында пайдалануучу жана белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылуунун белгиленген талаптарга ылайык келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүү, эгерде бул аракетте кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ишкердик субъект тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилбеген фискалдык программалык камсыз кылууну пайдалануу, анын ичинде фискалдык программалык камсыз кылууну каттоосуз иш жүргүзүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

7) 320-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"320-берене. Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарга жетүүсүнө тоскоолдук кылуу Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарга жетүүсүнө тоскоолдук кылуу - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

8) төмөнкүдөй мазмундагы 320-1-берене менен толукталсын:

"320-1-берене. Салык органдарынын кызматкерлеринин фискалдык программалык камсыз кылууга жетүүсүнө тоскоолдук кылуу Салык органдарынын кызматкерлеринин фискалдык программалык камсыз кылууга жетүүсүнө тоскоолдук кылуу - жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

9) төмөнкүдөй мазмундагы 321-1-берене менен толукталсын:

"321-1-берене. Техникалык тейлөө борборлоруна коюлган талаптарды бузуу Техникалык тейлөө борборлоруна коюлган салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

10) 325-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 325-2-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Салык кызматынын органы тарабынан башкарылуучу кирешелерди кошпогондо, салыктык эмес кирешелерди белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюу -";

12) 354-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

13) 470-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"470-берене. Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы ушул Кодекстин 90-1, 308, 308-1, 309-309-4, 311-316-3-беренелеринде, 317-беренесинин 1-бөлүгүндө, 317-1, 317-2, 317-3, 318-323 жана 325-2-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.".

---

Мурунку берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-314)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-6)
