# 314-берене. Товарларды маркалоо каражаттарын жасалмалоо

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 314-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-314

---

Пайдалануу максатында акциздик маркаларды, товарларды идентификациялоо каражаттарын же эсептик-контролдук маркаларды жасалмалоо, ага тете аларды сатуу максатында сактоо же сатуу - жеке жактарга 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

5) төмөнкүдөй мазмундагы 3171-2 жана 317-3-беренелер менен толукталсын:

"317-2-берене. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуу

1. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган ишкердик иш менен байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган накталай эмес төлөм инструменттерин колдонуу -

жеке же юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жолудан ашык кайталанып жасалса -

жеке жактарга 130 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-313)  
Кийинки берене: [317-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-317-3)
