# 306-1-берене. "Такс-фри" тутуму боюнча товарларды сатуу

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-306-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 306-1-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-306-1

---

1. "Такс-фри" тутумунун реестрине киргизилген чекене соода ишканалары тарабынан ЕАЭБге мүчө эмес чет мамлекеттин жаранына товарларды берүү, эгерде "такс-фри" тутумунун белгиленген шарттары сакталса, КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

2. "Такс-фри" тутумунун иштөө шарттары жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. "Такс-фри" тутумунун чекене соода ишканаларынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

92) 309-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-1 жана 6-2-бөлүктөр менен толукталсын:

"6-1. КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөн учурда мурда чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасы салык салуу боюнча КНСтин суммасын төмөнкүлөргө түзөтүү жолу менен азайтылууга тийиш:

1) эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктарына;

2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттарга жана/же материалдык эмес активдерге;

3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде мурда КНС эсепке алынууга кабыл алынган, бирок доонун эскирүү мөөнөтүнөн ашпаган бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттерине.

6-2. Эгерде КНС төлөөчү атайын салык режимине өткөнгө чейин жалпы салык режими колдонулган мезгилде бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери боюнча алынган төлөмдөн КНСти салык салынуучу берүү датасына чейин, бирок доонун эскирүү мөөнөтүнөн ашпаган убакытта төлөсө жана бул берүү атайын салык режимине өткөн датага карата жүзөгө ашырылбаса, анда атайын салык режимине өткөн датага карата КНС боюнча салык милдеттенмеси мурда төлөнгөн, бирок атайын салык режимине өткөн датага чейин жүзөгө ашырылбаган берүү боюнча КНСтин суммасына азайтылууга тийиш.";

93) 315-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

94) 319-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелбеген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен;

2) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирилбестен.";

95) 322-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү - 2031-жылдын 1-январына чейин;";

96) 327-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. КНС төлөөчүгө КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү КНСтин ашкан суммасынын негизсиз түзүлүшүнүн тобокелдик факторлорун талдоонун натыйжаларынын негизинде жүргүзүлөт. КНСтин ашкан суммасынын негизсиз түзүлүшүнүн тобокелдик факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) КНСти кайтарып берүү арызы берилген датага карата КНСти төлөөчүнүн иш мөөнөтү 24 календардык айдан аз болсо;

2) КНС төлөөчү тарабынан КНС кайтарып берүү арызы берилген датага карата экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашыруу 12 салык мезгилинен аз болсо;

3) акыркы эки салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелген салыктардын суммасы текшерилген мезгил үчүн салык милдеттенмелеринин жалпы суммасынан 10 пайызга ашса;

4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашырган учурда салык кызматынын маалымат тутумунда товарларды ташып кирүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган кыйыр салыктын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын жоктугу жана/же алардын КНС төлөөчүнүн салык отчету менен дал келбеши;

5) КНС боюнча салык отчетунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалымат тутумунун маалыматтарын талдоонун натыйжалары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү дал келбесе;

6) мурунку үч календардык жыл үчүн төлөнгөн салыктардын суммасы ордун толтурууга жана кайтарууга көрсөтүлгөн КНСтин ашыкча суммасынан аз болсо.";

97) 336-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунда:

а) 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

9)

Майлоочу майлар; башка майлар

2710197100-271019980 0; 340319 900 0

1000 литр

5000 сом

";

б) 12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

12)

2023-жылдын 1-июлунан тартып унаанын күйүүчү майы катары колдонулуучу СКГ

271111000 0-271119000 0; 2901100001; 271121000 0

тонна

3000 сом

";

98) 364-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) диний ырасымдарды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.";

б) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн коммерциялык эмес уюмдардын товарларды сатуусу, жумуштарды аткаруусу, кызматтарды көрсөтүүсү, төмөнкүлөр үчүн төлөм ушул товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шаргтарда бошотулат - 2031-жылдын 1-январына чейин:";

99) 365-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) акцияларды, капиталдагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу боюнча иш кесиптик негизде жүзөгө ашырылган иш болуп саналган учурларды кошпогондо, уюмдун капиталындагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу.";

100) 366-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Камсыздандыруу уюму үчүн салыктык база КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан товарларды, жумуштарды сатуудан, кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайрадан камсыздандыруучуга тиешелүү болгон камсыздандыруу сыйакыларынын суммасын чыгарып салгандан кийин жана агенттик сый акынын суммаларын чыгарып салгандан кийин, башкача айтканда камсыздандыруу сыйакыларынын камсыздандыруу уюмунун иш жүзүндөгү тескөөсүндө калган бөлүгү сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражат болуп саналат. Камсыздандыруунун топтолмо түрлөрү боюнча. салыктык база сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан камсыздандыруу төлөмүнүн суммасын чыгарып салгандан кийин келип түшкөн камсыздандыруу сый акыларынын суммасы болуп саналат.";

101) төмөнкүдөй мазмундагы 366-1-берене менен толукталсын:

"366-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактура берилген дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм келип түшкөн дата саналат.";

102) 372-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:

"4-1) турак жай мүлк объекти - турак жай имаратынын же турак жайдын, ошондой эле ушул имарат же жай жайгашкан үйдүн жанындагы, короо жайдын же багбанчылык-чарбак жер участогунун жыйындысы; 4-2) турак жай эмес мүлк объекти - турак жай эмес имараттын, турак эмес жайдын же курулманын, ошондой эле турак эмес имараттын, турак эмес жайдын же курулманын ээсинин менчигинде/пайдалануусунда турган, ошондой эле ижара, финансылык ижара келишиминин негизинде пайдалануучуга берилген калктуу конуштун жер участогунун же айыл чарба багытындагы эмес жер участогунун жыйындысы;";

103) 373-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) турак жай ссудасы келишими боюнча сатып алынган мүлк объектине карата жеке жак.";

104) 374-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги мүлк объекттерин, ошондой эле салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык же алардын пайдалануусунда турган мүлк объекттерин пайдаланууга (ижарага) берүүдө пайдалануу же ээлик кылуу укугу мүлк объектине менчик укугун каттоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган учурларды жана 409-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерди кошпогондо, мүлк салыгын төлөөчү болуп ижарага берүүчү саналат.";

105) 377-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Эгерде ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө башкача белгиленбесе, салык төлөөчүнүн имараттары, жайлары, курулмалары жана/же жер участоктору же анын бир бөлүгү башка салык төлөөчүгө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилген учурда же ушул Кодекстин 397-беренесинин 3-бөлүгүндө же 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн классификацияга ылайык салык төлөөчү тарабынан мүлк объектинин ар кандай функциялык багытына шайкеш келген иштин ар кандай түрлөрү үчүн пайдаланылса, имаратка, жайга, курулмага жана жер участокторуна же алардын бөлүктөрүнө мүлк салыгын эсептөө максатында төмөнкүлөргө ылайык келген функциялык багыттагы коэффициенттердин эң чоңу колдонулат:

1) укук күбөлөндүрүүчү документке ылайык мүлк объектинин функциялык багытына;

2) мүлк объектин иш жүзүндө пайдаланууга.";

106) 379-381-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"379-берене. Салыктын ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башка каралбаса, мүлк салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) турак жай мүлк объекттери үчүн объекттердин жайгашкан жерине жараша:

Begin\_nocompare

Облустардын, шаарлардын жана райондордун аталышы

Турак жай объектинин дубалынын материалына жараша салыктын ставкасы, 1 ч.м үчүн сом

Үйдүн жанындагы, короо жайга же багбанчылык-чарбак жер участогу үчүн салыктын ставкасы, 1 ч.м үчүн сом

Кыш, жыгач, курама же монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктору, кум блоктору, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич-панель

Чийки чопо (саман, гувляк, сокмо), шлакоблок, полистирол курулуш блогу, металл, башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

50,5

34

1,2

Кара-Көл шаары

5,5

3,5

0,6

Таш-Көмүр шаары

5,5

3,5

0,6

Майлуу-Суу шаары

5,5

3,5

0,6

Аксы району

10,5

7

0,12

Ала-Бука району

10,5

7

0,12

Базар-Коргон району

10,5

7

0,12

Ноокен району

10,5

7

0,12

Сузак району

16

10,5

0,12

Тогуз-Торо району

5,5

3,5

0,12

Чаткал району

5,5

3,5

0,12

Токтогул району

5,5

3,5

0,12

Кербен шаары

10,5

7

0,6

Базар-Коргон шаары

10,5

7

0,6

Токтогул шаары

5,5

3,5

0,6

Кочкор-Ата шаары

5,5

3,5

0,6

Шамалдуу-Сай шаары

5,5

3,5

0,6

Көк-Жаңгак шаары

5,5

3,5

0,6

Баткен облусу

Баткен шаары

10,5

7

0,6

Баткен району

10,5

7

0,12

Лейлек району

10,5

7

0,12

Кадамжай району

10,5

7

0,12

Кызыл-Кыя шаары

5,5

3,5

0,6

Сүлүктү шаары

5,5

3,5

0,6

Раззаков шаары

10,5

7

0,6

Айдаркен шаары

10,5

7

0,6

Кадамжай шаары

10,5

7

0,6

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары

32

21

1,2

Балыкчы шаары

16

10,5

0,6

Ак-Суу району

16

10,5

0,12

Жети-Өгүз району

16

10,5

0,12

Ысык-Көл району

16

10,5

0,12

Тоң району

10,5

7

0,12

Түп району

10,5

7

0,12

Чолпон-Ата шаары

16

10,5

1,2

Нарын облусу

Нарын шаары

16

10,5

0,6

Ак-Талаа району

5,5

3,5

0,12

Ат-Башы району

5,5

3,5

0,12

Жумгал району

5,5

3,5

0,12

Кочкор району

10,5

7

0,12

Нарын району

10,5

7

0,12

Ош облусу

Алай району

10,5

7

0,12

Араван району

16

10,5

0,12

Кара-Суу району

32

21

0,12

Ноокат району

16

10,5

0,12

Кара-Кулжа району

10,5

7

0,12

Өзгөн району

16

10,5

0,12

Чоң-Алай району

5,5

3,5

0,12

Кара-Суу шаары

32

21

0,6

Өзгөн шаары

16

10,5

0,6

Ноокат шаары

16

10,5

0,6

Талас облусу

Талас шаары

21

14

1,2

Талас району

10,5

7

0,12

Айтматов району

10,5

7

0,12

Бакай-Ата району

10,5

7

0,12

Манас району

5,5

3,5

0,12

Чүй облусу

Токмок шаары

32

21

1,2

Аламүдүн району

42

28

0,12

Жайыл району

21

14

0,12

Кемин району

16

10,5

0,12

Москва району

21

14

0,12

Панфилов району

10,5

7

0,12

Сокулук району

37

24,5

0,12

Чүй району

21

14

0,12

Ысык-Ата району

21

14

0,12

Кара-Балта шаары

32

21

1,2

Кант шаары

21

14

0,6

Кемин шаары

21

14

0,6

Орловка шаары

21

14

0,6

Кайыңды шаары

21

14

0,6

Шопоков шаары

21

14

0,6

Бишкек шаары

63

42

1,8

Ош шаары

57

38

1,8

2) турак жай эмес мүлк объекттери үчүн объекттердин дубалдарынын материалына жараша:

Облустардын, шаарлардын жана райондордун аталышы

Турак жай эмес объекттин дубалынын материалына жараша салыктын ставкасы, 1 ч.м үчүн сом

Калктуу конуштардын жерлери жана турак жай имаратынын, жайынын айыл чарба багытындагы эмес жерлери үчүн салыктын ставкасы, 1 ч.м үчүн сом

Кыш, жыгач, курама же монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктору, кум блоктору, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич-панель

Чийки чопо (саман, гувляк, сокмо), шлакоблок, полистирол курулуш блогу, металл, башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

116

77

3,2

Кара-Көл шаары

13

8

2,7

Таш-Көмүр шаары

13

8

2,7

Майлуу-Суу шаары

13

8

2,7

Аксы району

25

16

1,7

Ала-Бука району

25

16

1,6

Базар-Коргон району

25

16

1,8

Ноокен району

25

16

1,9

Сузак району

36

24

1,9

Тогуз-Торо району

13

8

1,9

Чаткал району

13

8

1,6

Токтогул району

13

8

1,6

Кербен шаары

25

16

2,7

Базар-Коргон шаары

25

16

2,8

Токтогул шаары

13

8

2,7

Кочкор-Ата шаары

25

16

1,9

Шамалдуу-Сай шаары

25

16

1,9

Көк-Жаңгак шаары

36

24

1,9

Баткен облусу

Баткен шаары

25

16

1,5

Баткен району

25

16

1,5

Лейлек району

25

16

1,3

Кадамжай району

25

16

1,3

Кызыл-Кыя шаары

13

8

2,3

Сүлүктү шаары

13

8

2,3

Раззаков шаары

25

16

1,3

Айдаркен шаары

25

16

1,3

Кадамжай шаары

25

16

1,3

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары

72

48

2,8

Балыкчы шаары

36

24

2,8

Ак-Суу району

36

24

1,8

Жети-Өгүз району

36

24

1,8

Ысык-Көл району

36

24

1,7

Тоң району

25

16

1,8

Түп району

25

16

1,7

Чолпон-Ата шаары

36

24

2,7

Нарын облусу

Нарын шаары

36

24

2,3

Ак-Талаа району

13

8

1,5

Ат-Башы району

13

8

1,7

Жумгал району

13

8

1,5

Кочкор району

25

16

1,5

Нарын району

25

16

1,3

Ош облусу

Алай району

25

16

1,9

Араван району

36

24

1,8

Кара-Суу району

72

48

2,0

Ноокат району

36

24

2,0

Кара-Кулжа району

25

16

1,9

Өзгөн району

36

24

1,9

Чоң-Алай району

13

8

1,8

Кара-Суу шаары

72

48

3,1

Өзгөн шаары

36

24

3,1

Ноокат шаары

36

24

2,0

Талас облусу

Талас шаары

48

32

2,5

Талас району

25

16

1,6

Айтматов району

25

16

1,7

Бакай-Ата району

25

16

1,7

Манас району

13

8

1,6

Чүй облусу

Токмок шаары

72

48

3,1

Аламүдүн району

96

64

1,9

Жайыл району

48

32

1,8

Кемин району

36

24

1,8

Москва району

48

32

2,2

Панфилов району

25

16

1,9

Сокулук району

84

56

2,0

Чүй району

48

32

1,8

Ысык-Ата району

48

32

1,9

Кара-Балта шаары

72

48

3,1

Кант шаары

48

32

2,7

Кемин шаары

36

24

1,8

Орловка шаары

36

24

1,8

Кайыңды шаары

25

16

1,9

Шопоков шаары

84

56

2,0

Бишкек шаары

145

96

3,9

Ош шаары

130

86

3,5

End\_nocompare

3) айыл чарба жерлери үчүн - 0,01 пайыз.

2. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасын 0 пайыз өлчөмүндө белгилөөдө салык органы тарабынан салыктын суммасын эсептөө боюнча милдеттенмелер келип чыкпайт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-6)  
Кийинки берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-380)
