# 3-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "240-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө" деген сөздөрдөн кийин ", 242-1-беренесинин 1-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 238 жана 239-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"238-берене. Акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо

1. Жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же жасалма акциздик маркаларды жана (же) идентификациялоо каражаттарын жана (же) эсептик-контролдоо маркаларын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пайдалануу -

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

7000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

- ири өлчөм деп жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат;

- өзгөчө ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик марка же идентификациялоо каражаты же эсептик-контролдоо маркалары таанылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-2)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-239)
