# 239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркаларсыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жүгүртүү

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 239-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-239

---

1. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон, ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибин жана (же) эрежелерин бузуу -

5000ден 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -

7000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде:

- ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашкан продукциянын өлчөмү же эки жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркаларысыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз продукциянын саны таанылат;

- өзгөчө ири өлчөм деп наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан продукциянын өлчөмү же беш жүз же андан көп бирдиктеги акциздик маркасыз жана (же) идентификациялоо каражаттарысыз жана (же) отун маркерисиз жана (же) эсептик-контролдоо маркаларысыз продукциянын саны таанылат.";

3) 241-берененин эскертүүсүнүн экинчи абзацында "241-243" деген цифралар "241, 242 жана 243" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 242-1-берене менен толукталсын:

"242-1-берене. Фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу чөйрөсүндөгү бузуулар

1. Салыктык эсепке алуу максатында колдонулуучу жана белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууда фискалдык программалык камсыз кылуу оператору тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген өзгөртүүлөрдү салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөөдөн качуу үчүн шарттарды түзүү максатында киргизүү, эгерде бул бюджетке салыктарды жана (же) бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, -

10000ден 20000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-3)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-4)
