# 2-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-2

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.";

2) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-берене менен толукталсын:

"25-1-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча үмүтсүз карызды эсептен чыгаруу Салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык үмүтсүз карыз деп аныкталат жана таанылат.";

3) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:

"2-2. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордо же эсептөөлөрдө маалымат жана дайындар жок болгон учурда мындай отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.";

4) 29-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Салык кызматынын органдары башкы администраторлордун, ошондой эле башкы администраторлору жок болгон администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүүнү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.";

5) 32-беренеде:

а) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 128-берене "кайра иштеткенге" деген сөздөрдөн кийин "же аларды пайдаланууга" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-3)
