# 16-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409#diff=40576..45005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 16-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-16

---

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө салык кызматынын органдары тарабынан төмөнкүлөр эсептен чыгарылат:

1) 2026-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз жок болгондо 2026-жылдын 1-январына карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыз төлөөчүдөн арыз талап кылбастан жана толук көлөмдө;

2) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз 2026-жылдын 1-июлуна чейин жоюлганда 2026-жылдын 1-июлуна карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыз төлөөчүнүн тиешелүү арызынын негизинде жана толук көлөмдө.

Ушул беренени колдонууда салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген жана жоюлбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар карыздар эсептен чыгарылууга тийиш. Эгерде субъектке карата төмөнкүлөр болсо, туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарылбайт:

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун айыптоочу өкүмү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча бүтө элек кылмыш иши.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-17)
