# 14-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 14-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-14

---

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Лицензия" деген сөздөн кийин "тандалган салык режими боюнча салык төлөөчү катары салык кызматынын органдарында салыктык каттоосу бар болгондо" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 18-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) тиешелүү салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле контролдук-кассалык машинаны колдонбостон нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу.";

3) 100-10-берененин 3-бөлүгүндө "салык органына" деген сөздөр "сот аткаруучуларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-15)
