# 13-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 13-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-13

---

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 23-25-пункттар менен толукталсын: "23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн инвестициялык макулдашууларда каралган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылгандан кийин мөөнөтү аяктаган салыктык жеңилдиктер инвестициялык макулдашууда каралган салыктык жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат;

24) салык төлөөчү жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча пайда болгон, КНСтин ашып кетишинин орду толтурулбаган суммалары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүү учурунда салык төлөөчүнүн өздүк эсептеринен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат;

25) салык төлөөчүнүн 2025-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы салык режиминен атайын салык режимине өтүүсүндө пайда болгон КНС боюнча салык милдеттенмеси боюнча эки жылдан ашпаган мөөнөткө банктын кепилдигисиз салык төлөөчүнүн арызы боюнча бирдей үлүштөр менен ай сайын бөлүп төлөө берилиши мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-14)
