# 11-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 11-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-11

---

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"б) пенсионер кызматкерлер үчүн (турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлерин кошпогондо), каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө; турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлери үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 2 пайыз өлчөмүндө;";

2) 5-статьянын 2-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 5-1-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "5-статьясынын 2-пунктуна," деген сөздөр алып салынсын;

4) 7-статьянын 2 жана 3-пункттарында "5-статьясынын 2-пунктуна," деген сөздөр алып салынсын;

5) төмөнкүдөй мазмундагы 7-2-статья менен толукталсын:

"7-2-статья. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 10 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. Пенсионер кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптар каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.";

6) 9-статьяда:

а) 2-пунктта:

- "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 2-1-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына жана "в" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;";

- "г" пунктчасында "7-1-статьяга" деген сөздөр "7-1 жана 7-2-статьяларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-пункттун "в" пунктчасында "7-1-статьяга" деген сөздөр "7-1 жана 7-2-статьяларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-пунктта:

- "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) 2-статьянын 2-пунктунун "а-1" пунктчасынын экинчи абзацына, 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 2-2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасынын биринчи абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;";

- "в" пунктчасында "7-1-статьяга" деген сөздөр "7-1 жана 7-2-статьяларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 10-статьяда:

а) 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайызынан кем эмес өлчөмдө төмөнкү жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:

а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;

б) жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар;

в) жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, ошондой эле өз жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү;

г) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерлерди ижарага алган жеке жактар;

д) жайыттарды пайдаланууга укугу бар жеке жактар;

е) суу көлмөлөргө жана насостук станциялар менен сугарылуучу жерлерге ээ болгон жеке жактар.";

б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. 1996-жылдын январынан кийинки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө чейинки жана/же кийинки мезгилдер үчүн, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө айына төлөй алышат.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү адамдар Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 2 пайызынан кем эмес өлчөмдө ыктыярдуу төлөмдөрдү жүргүзө алышат.";

8) 11-статьяда:

а) 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-1. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;

б) жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар;

в) жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, ошондой эле өз жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү;

г) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерлерди ижарага алган жеке жактар;

д) жайыттарды пайдаланууга укугу бар жеке жактар;

е) суу көлмөлөргө жана насостук станциялар менен сугарылуучу жерлерге ээ болгон жеке жактар.".

б) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

"3) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.";

9) 13-статьяда:

а) 3-пункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацы "Мында" деген сөздөн кийин ", ушул статьянын 4-пунктун эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелинген суммадан ашпоого тийиш.".

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-12)
