# 10-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 10-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-10

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде көрсөтүлгөн товар колдонулбаса, анын товардык көрүнүшү, керектөө касиетгери, пломбалары, фабрикалык жарлыктары, ошондой эле керектөөчүгө сатылган товар менен бирге берилген контролдук-кассалык чеги же сатып алуу фактысын ырастоочу башка документ сакталган учурда сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товар, анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баа боюнча сатып алынган товарды алмаштыруу жүргүзүлөт.";

2) 27-берененин он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун жана/же накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган, башка юридикалык же жеке жакка жана/же ишкердик иш менен байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган сатуучунун өзүнө катталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга.".

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-30)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-11)
