# 1-берене

- Документ: [Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 "Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5687/edition/40576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034409/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"261-берене. Банкроттук жөнүндө иштерди кароо

1. Юридикалык жактын же жеке ишкердин же болбосо финансы-кредиттик мекеменин банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иштер карызкордун - юридикалык жактын же карызкордун - жеке ишкердин турган жери же финансы-кредиттик мекеменин жайгашкан жери боюнча райондук соттор тарабынан ушул главада жана банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөр менен жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелерине ылайык каралат.

2. Банкроттук жөнүндө иштерге салык кызматынын органдарынын катышуусу милдеттүү болуп саналат.

3. Карызкорду банкрот деп таануу тууралуу арызды кабыл алуу жөнүндө аныктама карызкордун учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча жиберилет.";

2) 405-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "сот аткаруучуга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409/st-2)
