# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 713
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034406/edition/40569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034406

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1-ноябры № 713 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 179-беренесинин 4-бөлүгүн, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
