Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 128-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Чарбалык коомдор чет өлкөлүк юридикалык жактын түздөн-түз же кыйыр контролунда болбогон шартта жоопкерчилиги чектелген коомдун жалгыз уюштуруучусу (акционери) катары бир жактан турган башка чарбалык коому болушу мүмкүн. Уюштуруучусу мамлекеттик жана муниципалдык органдар болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор төмөнкүлөрдүн милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат:
- жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун;
- жалгыз катышуучулары катары ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун же жалгыз катышуучулары катары бир жактан турган чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун тиешелүү чынжырчасындагы кийинки чарбалык коомдордун.
Эгерде бир катышуучудан турган чарбалык коомдордун ээлик кылуу чынжырчасынын жол берилген максималдуу тереңдиги ашып кетсе, жалгыз уюштуруучусу катары чарбалык коом болуп саналган чарбалык коомду каттоого тыюу салынат. Жалгыз катышуучусу бар чарбалык коом болуп саналган жалгыз уюштуруучусу бар чарбалык коомдордун чынжырчасынын максималдуу тереңдиги акыркы чарбалык коомду кошкондо үч деңгээлден ашпоого тийиш.»;
2) 143-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Уюштуруучусу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме же ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшүнө ээ башка юридикалык жак болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат.».
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034403/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>