# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5685/edition/40565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034402/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 241-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кызматкер өзүнүн тандоосу боюнча эмгек талаш-тартыштарын чечүү үчүн эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга же эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же болбосо медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуунун милдеттүү сотко чейинки тартибин сактоодо түздөн-түз сотко кайрыла алат.";

б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 243-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Медиация аркылуу эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн өтүшү медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат.".

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-8)
