# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5685/edition/40565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034402/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 27-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту "жабырлануучу айыпталуучу менен" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде медиатордун жардамы менен" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 40-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";

3) 44-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) тергөөчү же сот жибергенде, медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө;";

4) 55-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пункту "медиатор" деген сөздөн кийин ", медиация борборлорунун кызматкерлери" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 80-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 72-пункт менен толукталсын:

"72) медиациялык маалыматтык жолугушууда же медиация өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар;";

6) 153-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) тараптар өз алдынча элдешкен учурларды кошпогондо, аларды медиациялык маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;";

7) 507-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар боюнча тергөөчү же сот тараптардын жарашуусунун, анын ичинде медиатордун жардамы менен жарашуусунун негизинде ишти токтотуп, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарышат.".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-5)
