# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5685/edition/40565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034402/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-2

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402/st-3)
