# 1-берене

- Документ: [Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябры № 238 "Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034391/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5684/edition/40551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034391/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (28.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034391/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 451-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн баштап сатып алуучунун товардын баасына ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.";

2) 734-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата ушул параграфтын жоболору керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.";

3) 736-3-статьяда:

а) 1-пунктта "банк" деген сөз "кредит берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен, ар бир конкреттүү заем алуучу менен пайыздардын, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сый акы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сый акынын өлчөмүн, аны чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөө мөөнөттөрүн өз алдынча аныктайт.";

4) 738-9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн мурабаха келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";

5) 738-14-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарын сактоо менен төмөнкүдөй түрдө белгилениши мүмкүн:";

6) 738-24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";

7) 738-31-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм түрүндө же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашык же андан кем мезгил ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";

8) 738-35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдерин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";

9) 738-38-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Истиснаа келишиминин предметинин баасы истиснаа келишими түзүлгөн учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391/st-2)
