1-берене
Күчүндө · 28.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 451-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн баштап сатып алуучунун товардын баасына ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.";
2) 734-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата ушул параграфтын жоболору керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.";
3) 736-3-статьяда:
а) 1-пунктта "банк" деген сөз "кредит берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен, ар бир конкреттүү заем алуучу менен пайыздардын, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сый акы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сый акынын өлчөмүн, аны чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөө мөөнөттөрүн өз алдынча аныктайт.";
4) 738-9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн мурабаха келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
5) 738-14-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарын сактоо менен төмөнкүдөй түрдө белгилениши мүмкүн:";
6) 738-24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
7) 738-31-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм түрүндө же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашык же андан кем мезгил ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
8) 738-35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул главанын жоболору керектөөнү каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен керектөө максаттары үчүн истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдерин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
9) 738-38-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Истиснаа келишиминин предметинин баасы истиснаа келишими түзүлгөн учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.".
Берененин тексти 28.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034391/st-1" title="1-берене - Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>