# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик каржылоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик каржылоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46470/edition/40521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик каржылоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034363

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 17-октябры № 679 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик каржылоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Финансылык тартипти бекемдөө жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгашалоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 “Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жободо:

– 3–7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселени кароо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине жөнөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө маселени демилгелейт.

4. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселелерди кароо үчүн зарыл болгон документтер:

1) тиешелүү мезгилде жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин аткарылышы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар;

2) тиешелүү мезгилде чыгашалардын бардык беренелери боюнча кредитордук карыз жөнүндө ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча маалыматтар;

3) тиешелүү мезгилде мурда алынган келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле аларды төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын бюджеттик ссуда берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык документтердин тизмеги берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө бул кайрылууну карабай коюуга укуктуу.”.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

– 12-пункттун 1-пунктчасынын он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
