# 9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 9-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-9

---

Ыйгарым укуктуу орган:

1) медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзөт жана ишке ашырат;

2) медиация маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоо, мониторинг жүргүзөт жана жалпылайт;

4) медиация тутумунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат;

5) калкка медиация жөнүндө маалымдоону камсыз кылат;

6) Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

7) Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын иши жөнүндө зарыл маалыматты сурайт;

8) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик актыларда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-10)
